КАРГЫШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөгө жамандык тилеп, каргап айтылган сөз. Ата-эненин каргышына калгыча, алардын тилин алайын дедим (Абдукаримов). Эсиме салат каргышың, Эзелки мастан катынды (Токомбаев). Кой каргышы бөрүгө жетпейт (макал). Каргыш тийген көр сокур, Каадалуудай сүйлөйсүң (Калмырза).